Эркин котормо

Википедия дан

Эркин котормо – чыгарманы бир тилден экинчи тилге которгондо, котормо сөзмө-сөз болбостон, жалпы мааниси сакталуу менен экинчи тилге өтсө, эркин котормо болот. Котормонун мындай түрүндө котормочу тарабынан чыгарманын сюжети менен композициясына, образдар системасына анча-мынча өзгөрүүлөр киргизилиши мүмкүн. А. Осмонов Ш. Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасын орус тилинен кыргыз тилине эркин которгон. Ал эми Т. Касымбековдун «Сынган кылыч» романы да өзбек тилине (которгон Т. Адашбаев) эркин которулду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]