Эркин программалык камсыздоо

Википедия дан

Эркин программалык камсыздоо же эркиндикти сыйлаган программа — колдонуучуларга программаны жана ылайыкташтырылган версияларын каалаган максатта, анын ичинде окуп изилдөөгө, өзгөртүүгө, бөлүштүрүүгө уруксат берген шарттарда таратылган компүтердик программа. Эркин программалык камсыздоо — бул баа эмес, азаттыкты билдирет: пайдалануучулар, жекече болсун же биргелешип, программаны эмне кылгысы келсе да эркиндикке ээ. Анын ичинде, программаны акысыз таратуу, же сатуу, же болбосо пайда алыш үчүн колдоо же кепилдик сыяктуу тиешелүү кызматтарды алыш үчүн пулдоо эркиндигине ээ.

Программаны изилдөө жана өзгөртүү укугу анын булак коду колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болушун шарттайт. Бул укук көбүнесе "булак кодго жеткилик алуу" деп аталат. Ал эми Free Software Foundation бул учурда "жеткилик" деген сөздү колдонбоону сунуштайт. Анткени ал баш айланткан сөз жана бул адамдарда эч кандай шартсыз түрдө булак кодунун көчүрмөсү бар деп ишенип калышына жол ачат. Бул укук иш жүзүндө программанын көчүрмөсүнө ээ болгон адамга гана шартталат, башкача айтканда ал программа колдонуучу болушу зарыл.

Ричард Столлман GNU долбоорун (эркиндикти сыйлаган операциондук системаны жаратыш үчүн жапа тырмак аракет) жана Free Software Foundation'ди (FSF) ишке киргизген убакта мурда боло келген эркин программалык камсыздоо терминин колдонгон. FSF'тин Эркин программа аныктамасында белгилегендей, эркин программаны колдонуучулар — эркин, анткени алар программаны пайдалануу үчүн уруксат сурашы керек эмес.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]