Эркин программалык камсыздоонун аныктамасы

Википедия дан

Эркин программалык камсыздоонун аныктамасы (англ. The Free Software Definition) — Ричард Столлман тарабынан жазылган жана Free Software Foundation (FSF) тарабынан чыгарылган. Акыркы пайдалануучуларга колдонуу, окуу, бөлүшүү жана өзгөртүү эркиндигине ээ болууну камсыз кылган эркин программа дегенди билдирет. "Эркин" деген термин "акысыз" деген мааниде эмес, "сөз эркиндиги" маанисинде колдонулат. Бизге белгилүү болгон алгачкы аныктама 1986-жылы февралда чыгарылган. Ал азыр ишин токтоткон FSFтин GNU бюллетенинде жарыяланган. Документтин канондук булагы GNU Project сайтынын философия бөлүмүндө жайгашкан. 2008-жылдын апрелине карата ал 39 тилде жарыкка чыккан. FSF бул аныктамага ылайык келген лицензиялардын тизмесин жарыялайт.

Аныктама жана Төрт эркиндик[түзөтүү | булагын түзөтүү]

FSF тарабынан 1986-жылы февралда чыгарылган аныктамада эки пункт болгон:

"Эркин" деген сөз бааны эмес, эркиндик дегенди билдирет. Биринчиси, программаны көчүрүү жана аны кошуналарга бөлүштүрүү эркиндиги. Муну менен алар да сендей эле болуп программаны пайдалана алышат. Экинчиси, программаны өзгөртө алуу эркиндиги. Муну менен ал сени көзөмөлдөгөндүн ордуна сен аны башкара аласың; бул үчүн, булак коду сага жеткиликтүү болушу зарыл.

1996-жылы gnu.org сайты ишке кирип, "эркин программага" программаны окуп-изилдөө эркиндиги ачык эле кошулуу менен ал "үч баскычтагы эркиндикти" туюнтуп калган (эки пунктук аныктамадагы программаны өзгөртүү эркиндигинин бир бөлүгү катары да окулушу мүмкүн). Столлман кийинчерээк "баскычтар" деген сөздөн оолак болуп, сага бардык эркиндиктер эле керек, ошондуктан баскычтар жагынан алып караганда туура эмес болуп калышы ыктымал деген.

Акырында дагы бир эркиндик кошулуп, колдонуучуларга программаны иштете алышы керек деп ачык айтылган. Учурдагы эркиндиктер буга чейин бирден үчкө чейин тизмектелип калгандыктан бул эркиндик башкалардан мурун болууга тийиш делип, ал "нөлүнчү эркиндик" деп кошулган.

Эркин программанын заманбап аныктамасы пайдалануучунун төмөнкү эркиндиктеринин бар-жок экенин билдирет:

  • Программаны өзүң каалагандай, ар кандай максатта ишке киргизүү укугу (0-эркиндик).
  • Программанын ишин изилдөө эркиндиги, муну менен киргизилген өзгөртүү сен каалагандай компүтиң кылат (1-эркиндик). Булак кодуна жеткилик алуу башкы шарт болуп саналат.
  • Көчүрмөнү кайра бөлүштүрүү эркиндиги, муну менен кошунаңа жардам бере аласың (2-эркиндик).
  • Сен өзгөрткөн көчүрмөлөрдү башкаларга таратуу эркиндиги (3-эркиндик). Муну менен өз өзгөртүүлөрүңдү бүтүндөй жамааттын пайдалана алышына мүмкүнчүлүк түзөсүң. Булак кодуна жеткилик алуу башкы шарт болуп саналат.

1 жана 3-эркиндиктер булак кодун талап кылат, анткени булак коду жок программаларды изилдөө жана өзгөртүү аябай ыңгайсыз болуп саналат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]