Эрназарова Бактыгүл Кочкорбаевна
Эрназарова Бактыгүл Кочкорбаевна (22. 12. 1975-ж. т., Шакафтар айылы) - химия илимдеринин кандидаты (2003), доцент (2011).
- Жалал-Абад мамлекеттик университетин бүткөн (1999).
- 1999-жылдан Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ага лаборант, окутуучу,
- 2000-03-жылдары Кыргыз УИАнын аспиранты,2003-08-жылдары ага окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу, доцент, илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, окумуштуу катчы,
- 2008-11-жылдары Россия Илимдер Академиясынын Органикалык химия институтунун докторанты,
- 2011-жылдан химия кафедрасынын башчысы, Жаш окумуштуулар Кеңешинин төрайымы.
- 50дөн ашуун илимий эмгектин,
- 1 монография, 3 окуу методикалык усулдун, 5 автордук ойлоп табуунун автору.
- Бүткүл дүйнөлүк аялдардын ойлоп табууларынын эл аралык көргөзмөсүнүн алтын, күмүш медалдарынын ээси (Корея,
- 2015).
- Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн отличниги», Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Улуттук илимдер академиясынын “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6