Эрнест Хемингуэй

Википедия дан
Эрнест Хемингуэй
‎Ernest Miller Hemingway
Туулган датасы:

21 -июль 1899(1899-07-21)

Өлгөн датасы:

2 -июль 1961(1961-07-02) (61 жаш)

Кол тамгасы:

Кол тамгасы

Эрнест Миллер Хемингуэй (англ. Ernest Miller Hemingway; 1899-жыл 21-июль — 1961-жыл 2-июль) — америкалык роман жана кыскача аңгеме жазуучу, журналист[1]. Анын экономикалык жана жупуну стили 20-кылымдагы көркөм чыгармаларга катуу таасир тийгизген болсо, анын окуяларга толгон жашоосу менен коомдук бедели кийинки муунга таасир эткен. Хемингуэй эмгектеринин көпчүлүгүн 1920-жылдардын орто ченинен 1950-жылдардын ортосуна чейин жаратып, 1954-жылы адабият боюнча "Нобель" сыйлыгына ээ болгон. Ал жети роман, алты кыскача аңгеме жыйнагын жана эки фантастикалык эмес (нон-фикшн) китеп жазып чыгарган. Кошумча эмгектери, анын ичинде үч роман, төрт кыска аңгеме жыйнагы жана үч нон-фикшн китеби анын көзү өтүп кеткенден кийин жарыкка чыккан. Анын чыгармаларынын көбү Американын классикалык адабияты катары каралат.

Хемингуэй Иллинойстун Оак Парк жергесинде өсүп чоңойгон. Орто мектепти аяктагандан кийин ал The Kansas City Star гезитинде бир нече ай кабарчы болуп иштеген. Андан кийин Италия майданында Биринчи дүйнөлүк согушта тез жардам айдоочусу болуп барган. 1918-жылы ал оор жаракат менен үйүнө кайтат. Согушта баштан өткөргөн окуялары анын "Кош түбөлүк куралым" (англ. A Farewell to Arms, 1929) романынын негизин түзгөн.

1921-жылы төрт аялынын алгачкысы болгон Хэдли Ричардсонго үйлөнөт. Жубайлар Парижге көчүп барышып, ал жерде Хемингуэй чет элдик кабарчы болуп иштеген жана 1920-жылдардагы "Жоголгон муун" аттуу заманбап жазуучулар менен сүрөтчүлөрдөн турган эмигрант коомчулуктун таасири астында калган. Ал өзүнүн дебюттук "Күн да чыгат" (англ. The Sun Also Rises) романын 1926-жылы жарыкка чыгарган. Ричардсон менен 1927-жылы ажырашып кеткенден кийин Хемингуэй Паулина Пфайферге үйлөнгөн; ал испан жарандык согушунан кайтып келгенден кийин ажырашып кетишкен. Ал жерде журналист болуп иштеп, андан кийин "Коңгуроо кимдин жаназасына кагылууда" (англ. For Whom the Bell Tolls, 1940) чыгармасын жазган. Марта Геллхорн 1940-жылы анын үчүнчү аялы болуп калган; ал Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Лондондо Мэри Уэлшти жолуктуруп калганда Марта менен эки башка жолго түшүшкөн. Ал Нормандияга конууга жана Парижди боштондукка чыгарууга катышкан.

"Чал жана деңиз" (англ. The Old Man and the Sea, 1952) басылып чыгарылгандан кийин ал Африканын чөлүнө кеткен. Ал жерде Хемингуэй эки учак кырсыгынан кийин дээрлик өлүм алдында калып, өмүрүнүн аягына чейин оорулуу болуп же ден соолугу начар абалда калган. Хемингуэй Флориданын Ки Уэст (1930) жергесинде, андан кийин Кубада (1940 жана 1950-жылдарда) туруктуу турак-жайга ээ болгон. Ал эми 1959-жылы ал Айдахонун Кетчум жергесинде үй сатып алып, ал жерде 1961-жылдын ортолорунда өз жанын кыйган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам женилуу учун жаралган эмес

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Oliver, Charles. (1999). Ernest Hemingway A to Z: The Essential Reference to the Life and Work. New York: Checkmark Publishing. ISBN 978-0-8160-3467-3