Эр Солтоной Байсейит уулу

Википедия дан

Эр Солтоной Байсейит уулу (болжол менен 18-кылымдын 1-жарымы) - калмактар менен күрөшкөн кыргыз баатырларынын бири (к. Жуңгар хандыгы). Туулган-өлгөн жылдары тууралуу так маалымат жок.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байсейит уулу Солтоной 17-кылымдын ортолорунда Талас аймагында төрөлгөн. Ал эр жеткен убакта кыргыз-жуңгар согуштарында көптөгөн эрдиктерди көрсөтүп, баатыр атала баштаган. 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башында Жуңгар хандыгы күч алып, кыргыздар менен казактар түштүк-батыш тарапка сүрүлүүгө мажбур болушкан эле. Солтоной баатыр ошондон кийин да согушту улантууну чечип, өз алдынча жортуулдарды уюштуруп, калмак аскерлеринин келишпес душманына айланган.

18-кылымдын ортолорунда Кошой бий, Каработо бий, Мааматкул бий, Арзымат бий, Түлкү бий, Сансыз сынчы ж.б. кыргыз аксакалдары менен кошо Солтоной бий да боштондук күрөшүн башташып, ата-журтту кайра алуу үчүн күч бириктирүүгө макулдашышкан. Алар кыргыз мамлекетин кайра калыптандырууга бел байлашып, бирдиктүү аскердик кошуун уюштура алышкан. Ошондо эң тажрыйбалуу баатыр катары Солтоной өзү жалпы аскерлердин кол башчысы болуп дайындалып, курултайда ага «Эр» деген наам берилген.

Эр Солтоной кол башчылыктан тышкары окутуучулук менен да алектенип, ошондо уюшулган аскердик окуу жайды жетектеген. Анын окуусунан аскердик таалим алган баатырлар катары Бердике берен, Атаке баатыр, Эр Садыр, Момокон баатыр, Темир баатыр, Болот баатыр ж.б. эскерилет.

Ата-журтту душмандардан бошотуу үчүн башталган согуштарда Эр Солтоной токсондон ашып, улгайып калгандыгына карабастан, эрөөлдөргө өзү чыгып турган. Чүй өрөөнүндөгү кайсы бир салгылашта кыргыздар жуңгарлардан жеңилип калып, Эр Солтоной согуш майданында шейит кеткен. Ага карабастан, Эр Солтонойдун шакирттери бул жортуулду Ысык-Көлгө, Илеге чейин улантышып, ата-журтту коргоп кала алышкан.

Санжыралык булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оозеки кабарларда жетиген уруусунан чыгып, 60 жашка келгенге чейин калмактарга каршы жүрүшкө катышып жүргөн. Б. Солтоноевдин эмгегинде (к. «Кызыл кыргыз тарыхы») Э. С. 60 жашка келгенде Тынайдын 13 жаштагы Атаке, солтодон 13 жашар Момоконду алып, 200 киши менен Кара-Балта, Ак-Сууда жаткан калмакка уруш салып, калмактын Дөңкөнөй баатырын женген эрдиги баяндалган. Алымбектин санжырасында 13 жашар Момокон менен аттанып, Кара-Балта, Ак-Сууда калмактарды чалгындап жүргөн кезде өлтүрүлгөн. Эр Солтонойдун эрдиги тууралуу маалыматтар булардан тышкары Үмүт Молдо жана Бала Айылчынын санжыраларында да кезигет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4