Эсеналиев Мукаш Абдраевич

Википедия дан
Мукаш Эсеналиев
Ишмердүүлүк тармагы:

кооператор, экономист

Туулган датасы:

13 -февраль 1948(1948-02-13) (76 жаш)

Туулган жери:

Эчки-Башы, Нарын району, Нарын облусу, СССР, (Кыргызстан)

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Эсеналиев Мукаш Абдраевич (1948-жылы 13-февралда төрөлгөн) – коомдук саясий ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эсеналиев Мукаш Абдраевич 1948-жылы 13-февралда Нарын районунун Он-Арча айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Нарын шаардык финансы бөлүмүндө мамлекеттик кирешелер боюнча инспектор болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган. 1968-1970-жылдарда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1970-жылы Самарканд кооператив институтуна өтүп, аны 1974-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрүп чыккан. 1974-1979-жылдары комсомолдун Нарын шаардык жана облустук комитеттеринде уюштуруу бөлүмдөрүнүн башчысы, партиянын Нарын шаардык комитетинде инструктор болуп иштеген. 1979-1982-жылдарда республикалык мамлекеттик соода инспекциясынын Нарын облусу боюнча башкы инспектору, 1982-1984-жылдары Нарын облустук керек-жарак коомдор союзунун башкармасынын төрагасынын орун басары. 1984-1996-жылга чейин төра тасы болуп эмгектенген. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын кооперативдер ассоциациясынын төрагасынын биринчи орун басарлыгына көтөрүлгөн. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын керек-жарак коомдор союзунун башкармасынын төрагасы болуп шайланган.

Эсеналиев Мукаш Абдраевич Нарын облусунун экономикасынын өсүшүнө, калктын жашоо шартынын жогорулашына чоң салым кошкон. Көп жылдар бою региондун керек-жарак коомун жетектөө менен кооперация тармагынын чыңдалышына жана өнүгүшүнө, айрыкча айыл элин соода менен тейлөөнү жакшыртууга татыктуу эмгек сиңирген. Нарын шаарындагы "Азрети Али" мечитин куруунун демилгечиси жана демөөрчүсү болгон.

Мукаш Абдраевич Эсеналиев облустук жана республикалык коомдук саясий турмушуна активдүү катышкан. 1990-1995 жылдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, бир канча жолу облустук, райондук Кеңештердин депутаты, партиялык комитеттердин мүчөсү болуп шайланган. Эмгектеги ийгиликтери үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, СССР Кооперациясынын отличниги белгиси менен сыйланган.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]