Эсперанто

Википедия дан

Эсперанто - эң кеңири таралган жасалма тил; эл аралык байланыштын көмөкчү каражаты.

1887-жылы варшавалык врач А. Заменгоф тарабынан түзүлүп, ошонун псевдоними (эсперанто - үмүткөр) менен аталып калган. Структурасы жөнөкөй. Сөз уңгусу катары европалык тилдердин (латын, байыркы грек, француз, англис жана бир аз санда орус) уңгуларын пайдаланат.

Жаңы сөз ошол уңгулардын негизинде суффикс жана префикстер аркылуу жасалат. 1905-жылдан жыл сайын эсперантисттердин эл аралык конгресси өткөрүлөт. Эсперантонун эң ири уюму - Жалпы эсперантолук ассоциация. Эсперанточо ондогон журнал, жыйнак чыгат; aгa A. С. Пушкиндин «Евгений Онегин», У* Шекспирдин «Гамлет». И. В. Гётенин «Фауст» ж. б. чыгармалар которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9