Эстетикалык сезим

Википедия дан

Эстетикалык сезим, Эстетикалык табит (Вкус)зим – турмуштун көрүнүштөрү м-н искусство чыгармаларындагы асылдык ж-а көрксүздүктү айрып-түшүнүүгө болгон адамдын жөндөмдүүлүгү.

Ал узак тарыхый өнүгүүнүн натыйжасы. Э. т-ти тарбиялоодо искусство өзгөчө мааниге ээ. 19-к-га чейин табит рационалдуу же иррационалдуубу, акылга же сезимге негизделеби, тубасабы же тарбияланабы, жалпы же жекече касиетке ээби сыяктуу суроолордун айланасында талаш-тартыштар болуп келген. Классикалык немец философиясында Э. т-тин проблемасы борбордук орунду ээлеген. Мис., Канттын эстетикасында Э. т-тин ички, терең кайчы мүнөзү изилденсе, Д. Юм Э. т-ти субъективдүү деп караган, («Табит жөнүндө талашпайт»). Ал эми Гегель болсо табит түшүнүгүн универсалдаштырууну сынга алган. Маркстык эстетика табитти коомдук-тарыхый маданият деп карайт. Табиттин калыптанышы ж-а өнүгүшү эстетикалык тарбиянын предметин түзөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8