Эсти башкаруу

Википедия дан

Эсти башкаруу(Memory control - Управление памятью). Иштетүү учурунда эстин айрым бөлүгү иштетүү сис-теминин резиденттик бөлүгү, колдонмо програмдардын көрсөтмөлөрү жана иштетилүүчү берилиштерди сактоо үчүн пайдаланылат. Эстин башка бөлүгү эсептөө, сорттоо жана арада алынган жыйынтыктарды убактылуу сактоо үчүн колдонулат. Эсти бөлүштүрүү же эстин бөлүктөрүнө тиешелүү берилишти бекитүү иштетүү системинин иши болуп саналат. Жаңы эле киргизилген жана чыгаргыч түзүлүшкө жиберүүнү күтүп турган берилиштер буфер деп аталган эстин бөлүгүндө сакталат. Иштетүү системи эстин конкреттүү бөлүгүн буферге бекитип коет жана анда сакталган маалыматтарды башкарат.

Иштетүү системи эсти, ошондой эле, эстин айрым үлүшүн бөлүштүрүү деп аталган бөлүктөргө бөлөт. Айрым иштетүү системдери эстин баарын бөлүштүрө алса, башкалары эстин айрым гана бө-лүгүн бөлүштүрө алат. Айрым бөлүктү бөлүштүргөн иштетүү системдери эстин ал аймагын резиденттик бөлүккө жана буферге ыйгарат.

Эсти бөлүштүрүүнүн дагы бир жолу виртуалдык эс же виртуалдык эсти башкаруу деп аталат. Виртуалдык эс тез эстин көлөмүн чоңойтот, себеби, иштетүү системи дисктин белгилүү өлчөмдөгү көлөмүн колдоно алат. Тез эс катары колдонуу үчүн бөлүштүрүлгөн дисктин бөлүгү свопингтик файл деп аталат.

Виртуалдык эс көп маселелүү иштетүү системдеринде бир учурда тез эсти колдонуучу програмдар санын максималдаштыруу үчүн колдонулат. Виртуалдык эс жок болсо иштетүү систем програмды аткарылып жаткан учурда толугу менен тез эске жүктөп коймок. Иштетүү системи учурда, аткарылып жаткан програмдын үлүшүн гана виртуалдык эске жүктөй алат. Иштетүү системдеринин виртуалдык эсти башкаруу жолу барактоо деп атат. Белгилүү сандагы байттар барак деп аталат жана барактоо учурунда дисктен эске зарыл болгон учурда берилиштер же програмдын көрсөтмөлөрү барактарга бириктирилип, жиберилип турат. Барак өлчөмү 512 ден 4 000 байтка чейин аныкталат, барактын так өлчөмүн иштетүү системи аныктайт. Эгерде кошумча барак талап кылынса, анда иштетүү системи кошумча орун даярдайт, ал үчүн бир же бир нече баракты эстен диске кайтарат. Иштетүү системи биринчи кезекте демейде акыркы пайдаланган баракты кайтарат.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]