Эсхил

Википедия дан

Эсхил (б. з. ч. 525-ж. чен, Элевсин - 456, Сицилия) - байыркы грек драматургу, «трагедиянын атасы». Грек-перс согушуна катышкан.

Эсхилдин 80ден ашык драмасынан жетөө гана сакталып калган. «Перстер» (б. з. ч. 472), «Фивыга жетөө каршы» (б. з. ч. 467), «Орестея» (б. з. ч. 458) үчилтиги жана «Кадалган Прометей» ж. б. калгандарынын айрым үзүндүлөрү гана сакталган. Афины демократиясынын жогорулоо учурунда жашагандыктан, анын чыгармаларына коомдук адилет түзүлүшкө ишенүү мүнөздүү. Трагедияны ырым-жырымдык кыймыл-аракеттен өз алдынча драмалык жанрга айландырган. Алгачкы ирет трагедияга экинчи актёрду киргизип, диалогдук конфликтке негиз түзгөн. Эсхилдин трагедияларынын формасы жагынан архаикалык монументалдуу мүнөздө болуп, композициялык түзүлүшү так статикалуу келип, хордун катышуусу башкы ролду ойнойт, туруштук бере алган туруктуу мүнөздөрү менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4