Эс алуу комплекси

Википедия дан

Эс алуу комплекси - Кыргызстан зор рекреациялык ресурстарга ээ.

Кыргызстанда туризмди узак мөөнөттүү перспективага өнүктүрүүнүн потенциалдуу булактары - бул Улуу Жибек жолундагы комплекстүү универсалдык турлар, тренинг, тоолордогу мергенчилик, курорттор, лыжа спорту, ысык суулар жана туз шахталарын кошкондо саламаттыкты жакшыртуучу объектилер. Жогорку класстагы курортторду, туристтик объектилерди куруу жана өнүктүрүү масштабдары ири инвесторлор үчүн өтө перспективалуу. Бул потенциалды жана тиешелүү тобокелдиктерди чоң жеке корпорацияларга, биргелешкен ишканаларга же улуттар аралык компанияларга калтыруу бардыгынан дурус болору ыктымал.

Ландшафттык ресурстардын же геологиялык кызыктуу өзгөчөлүктөрдүн көптүгү көп учурда тиешелүү кабыл алуучу борбордун эл аралык туристтик имиджин аныктоодо маанилүү роль ойнойт. Эл аралык туристтер дүйнөнүн Гималай, Чоң Барьер Рифи, Чоң Каньон, Фудзияма ж. б. сыяктуу атагы таш жарган ландшафттык кереметтерин көрүү үчүн миңдеген километр жол баса алышат. Кыргызстандагы башкы геологиялык ажайып жайлар - Ысык-Көл, Тянь-Шань тоолору, Эңилчек мөңгүсү, Хан-Теңир, Жеңиш чокусу, Жети-Өгүз - маанилүү ландшафттык элементтер болуп эсептелет, алар туристтерди, альпинисттерди, экскурсанттарды жана республиканын меймандарын кызыктуруучу потенциалга ээ болуулары тийиш. Акырында 1997-жылдын сентябрында болгон «Жибек жолундагы туризм жана Кыргызстанда курчап турган чөйрөнү коргоо»

Эл аралык жыйынынын демилгесине колдоо көрсөтүү керек. Анын документинде мындай деп айтылган: «Кыргызстанда инфраструктураны жана телекоммуникацияларды өнүктүрүүнү, анын ичинде Автомобиль жолдорун, аэропортторду курууну жана реконструкциялоону жана улуттук байланыш спутнигин учурууга даярданууну, о. э. жаңы өтө ыңгайлуу мейманканалардын тармагын курууну эске алып, жыйынга катышкандар Кыргызстанда туризмди эл аралык стандарттарга ылайык туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу боюнча Кыргызстандын демилгесин колдоого ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмуна (ВТО) жана ООНдун Өнүгүү программасына кайрылууну максатка ылайыктуу деп эсептешет».

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9