Этатизм

Википедия дан

Этатизм (фр. etat - мамлекет) – коомдун жашоосуна мамлекеттин ашыкча кийлигишүүсү, патернализм психологиясынын негизинде түзүлгөн мамлекеттер үчүн өзгөчө мүнөздүү. Адамды өркүндөтүү максатында мамлекет жашоонун бардык чөйрөлөрүнө, анын ичинде жеке менчикке да кийлигише баштайт.

Германиядагы этатизмдин негиздөөчүсү X. Вольфтун (1679–1784) айтуусу боюнча, мамлекет бекерчилик жана сүткорлук менен күрөшүүдө, жаштардын эрте никеге киришин, көп балалуу болушун көзөмөлдөөгө, чет өлкөлүк акылдууларды жана билимдүүлөрдү көбүрөөк тартууга, өлкөнүн ичинен жогорку адистеги кызматкерлерди эч жакка чыгарбоого тийиш. Мамлекет академияны түзөт, чиркөөлөрдү курат, майрамдарды белгилейт, билим берүү системасын алып барат.

Россия империясына этатизм мүнөздүү болгон. Өнөр жайдын өнүгүшүнө, темир жолдун курулушу, академиялардын, университеттердин, ооруканалардын, мектептердин курулушу дайыма мамлекеттин активдүү кийлигишүүсү менен жүргөн. Россиядагы жана Германиядагы этатизм адаттары тоталитаризмдин орношуна ыңгайлуу шарттарды түзүп берген. Тоталитаризм чектен чыккан этатизм окшош болгону менен, бул эки түшүнүк эки башка маанини берет. Азыркы мезгилдеги коомдордо этатизм оң элементтеринин болушу зарыл, ошону менен бирге эле граждандык коомдун жана укуктук мамлекеттин принциптеринин болгону талапка ылайык болот.

Колдонулган эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы.Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9