Этикалык социализм

Википедия дан

Этикалык социализм – «демократиялык социализм» деп аталган реформисттик-концепциянын рамкасында өнүктүрүлгөн түшүнүүлөрдүн системасы.

Бул система социалисттик идеалды пролетариаттын объективдүү шартталган кызыкчылыктары эмес, адамдарга тубаса таандык болгон сыяктуу адеп-ахлактык принциптери аркылуу негиздөөгө аракеттенет. Этикалык социализмдин теориялык тамырлары Канттын табигый зарылчылыкты автономиялуу адам эркине каршы койгон «практикалык акыл-эс» окуусуна, концепциясына негизделет. Этикалык социализмдин негизги өкүлдөрү – Э. Бернштейн, Г. Коген, П. Напорт, Л. Нельсон. Марксизмди этикалык принциптер м-н «толуктоодон» баштап, Этикалык социализмдин өкүлдөрү социализмди телеологикалык түшүнүүгө келишкен, капитализмди социалдык анализден өткөрүүнүн ордуна, анын тетири «жактарын» айыптоо м-н алмаштырууну калашкан. Социалдык детерминизм бүдөмүк «этикалык мотивдер» м-н алмаштырылат, ал эми таптык күрөш ж-дөгү концепция коомдук турмушту гармонизациялай турган «социалдык педагогика» м-н алмаштырылат ж. б. Социалдык революция эмес, бүткүл адамзаттын адептик, адеп-ахлактык эволюциясы-этикалык социалисттердин социализмге алып келчү бирден бир жолу ушундай деп эсептешкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8