Этностук өзүн-өзү аңдоо

Википедия дан

Этностук өзүн-өзү аңдоо - өзүн белгилүү бир этноско ыйгаруу сезими, башкалар менен салыштырууда окшош жана айырмачылыгын аңдоо, чыныгы этностук байланыштардын адамдардын аң сезиминде чагылышы жана энчилүү атынан же этноним аркылуу белгилүү болуп саналган этностук жалпылыктын маанилүү белгиси, башкача айтканда, адамдын өзүн өз эли менен руханий жактан окшоштуруусу.

Ал адамдардын өз этносун аныктоосунун көрүнүшү болуп саналат. Анда борбордук орунду жалпы санжырага, тарыхый окуяларга бирге катышууга, «эне тил», «ата журт» ж. б. байланышка таянган тегинин жана тарыхый тагдырынын бир экендиги жөнүндөгү түшүнүктөр ээлейт.

Өзүн бир этноско ыйгаруу өз этностук тобу менен өзүн-өзүнө окшоштуруу өзгөчө бир сезимдерди жаратат: өз этносунун тагдырына тиешеси бар экендигин сезүү, тарыхый этностук журтун (ата журтун), өз элин, анын башка элдерден этностук айырмачылыктарын, маданиятын ж.б. сүйүү, сыйлоо сезими. Ушуга окшогон сезимдердин комплексинин жана толгонуулардын негизинде өз элинин суверенитети, эркиндиги, гүлдөп-өнүгүшү үчүн даяр турган аракетчил ыңгай жана психикалык абал жаралат.

Этнологияда кош этностук сезимге ээ болгон феномен белгилүү. Мындай көрүнүш ар түрдүү этностор жашаган өлкөлөр үчүн мүнөздүү. Мисалы, АКШ калкы, еврей тектүү америкалык, орус тектүү америкалык ж.б. деген аталыштар ошондон пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.