Этноцентризм

Википедия дан

Этноцентризмэтникалык аң-сезимдин турмуштук кубулуштарды этникалык топтордун традициялар ж-а баалуулуктар призмасы аркылуу кабылдоо ж-а баалоо касиети.

Этноцентризм термини этникалык группанын ичиндеги адамдардын мамилеси м-н группалар арасындагы мамилелердин рамкасында кескин айырмачылыктар болот деп болжолдогон Самнер тарабынан 1906-ж. киргизилген. Эгерде гуппанын ичинде жолдоштук ж-а тилектештик өкүм сүрсө, группалардын ичиндеги мамилелерде шектенүү, кооптонуу, ишенбөө мамилелер үстөмдүк кылат. Этноцентризм этногруппанын биримдигин, тышкы дүйнөнүн алдындагы «Биз» деген сезимди чагылтат ж-а түзөт. Этника аралык чектер, чек аралар дайым эле так ж-а стабилдүү боло бербейт (этникалык группалардын территориялык жактан бири-бирине кирип келүүлөрү, өз ара айкашуулары; маданий ж-а тил жактан болгон мүнөздө-мөлөрүнүн вариативдүүлүгү; этникалык жалпылыктын айрым мүчөлө-рүнүн этникалык таандыгынын проблемалуулугу; этникалык таандык ж-а жашоо образындагы тарыхый жылыштар).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8