Этруск жазуусу

Википедия дан

Этруск жазуусу - этруск тилинин жазуу системасы. Батыш грек алфавитинин негизинде түзүлгөн.

Байыркы эстеликтерге караганда (б. з. ч. 7-к.) этруск жазуусу оңдон солго карай, сөздөрдүн арасы көп учурда ажыратылбай жазылган. Этруск жазуусу латын жазуусу менен Борбордук жана Түндүк Италиянын башка бир катар жазуу системаларын түзүүгө негиз болгон. Этруск жазуусундагы эстеликтердин (10 миңден ашык жазуу чогултулган) көбү эмдигиче окула элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9