Эфир майлуу өсүмдүктөр

Википедия дан

Эфир майлуу өсүмдүктөр – жалбырак, гүл, тамыр ж. б. органдарында эфир майы бар өсүмдүктөр.

Ага чатыр гүлдүүлөрдөн - кориандр, карум, анис, фенхель; эрин гүлдүүлөрдөн - жалбыз, мускат шалфейи, лилиялардан - ак лилия, каз тамандар уруусупан - кызгылт каз таман; роза гүлдүүлөрдөн - роза ж. б. кирет. Мекени - негизинен тропик жана субтропик алкактары. Булардын көбү - бир жана көп жылдык чөп өсүмдүктөрү. Эфир майлуу өсүмдүктөрдүн жалпы саны 2500го жетип, жарымынан көбү жабык уруктуулар.

Өсүмдүктөрдүн данынан (кориандр, анис, карум, фенхель), чобунон, жалбырагынан (каз таман, евгенол райканы, лаванда ж. б.), гүлүнөн (роза, жасмин, ак лилия, мускат шалфейи) эфир майы тартылат. Жылуу жана кургак климаттуу жерде эфир майы арбын альгаат. Эфир майлуу өсүмдүктөр гүл өстүрүүчүлүктө, бакчылыкта кооздук үчүн да өстүрүлөт. Эфир майынын чыгыны жана курамы өсүмдүктүн өсүү шартына, биол. өзгөчөлүгүнө жараша болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.