Эхолот

Википедия дан

Эхолотакустикалык жаңырык сигналынын жардамы менен суу тереңдигин аныктоочу навигациялык курал.

Кеменин түбүнө дирилдеткич бекитилет. Ал куралга генератордон мезгили менен жиберилген электр импульстары акустикалык импульстарга өзгөртүлүп, белгилүү көлөмдүк бурч менен тик ылдый таркалат. Суунун түбүнөн чагылган акустикалык импульс, ошондой эле дирилдеткич тарабынан кабыл алынып, кайра электр импульсуна айландырылат. Бул импульс күчөтүлүп, индикаторго берилет. Эхолоттун иштеши, зондирлөөчү үн импульсун жиберүү моментинен, жаңырык сигналынын суунун түрүнөн чагылып келген моментине чейинки убакытты өлчөөгө негизделген. Суу түбүнүн тереңдиги h=ct/2, мында суудагы үндүн ылдамдыгы с=1500 м/сек. Акустикалык импульстардын узактыгы 0,05тен 20 м/секта, толтуруу жыштыгы Юдон 200 кГцке жетет. Эхолот суунун ОДден 12 000 лге чейинки ар кандай терендиктери үчүн даярдалат. Эхолот кеменин 50 км/секта чейинки же андан да чоң ылдамдыгында да иштей берет. Эхолоттун өлчөө ка талыгы 1-0,01% болот. Эхолот деңиздеги балыктардын үйүрүн, суу алдында жүрүүчү кемелерди издөөдө, түрдүү гидроакустикалык изилдөөлөрдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]