Эчкилик

Википедия дан

Эчкилик"Манас" эпосундагы топоним. Көкөтөйдүн ашында кытай-калмак байгеге зордук кылып, уруш чыгып кеткен эпизодду баяндаганда эскерилет:

Четине чыгып кеткенче,

Терс-Маёодон өткөнчө,

Эчкиликтин эки чат

Эптеп ошо жеткенче (Сагымбай Орозбаков, 3. 276).

Географиялык жактан караганда Иленин чөлкөмүндөгү тоолу аймак. Эчкиликтин Кара-Зоо"Манас" эпосундагы топоним. Каныкей Манас баатырдын керээзи боюнча сөөгүн көмгөнүн душман көрүп ачып албасын деп Урум элинен жетимиш балбан алдырып эч адамга көрсөтпөй ооз жагына жалгыз киши гана баткыдай кылып, асты чирип кетет деп арчанын күлүн төктүрүп Манаска жай каздырган жер (Саякбай Каралаев, "Семетей", 2. 240).

Географиялык реалияда Талас өрөөнүнүн түндүк-батышында. Кыргыз Ала-Тоосунун батыш учуна жарыша жаткан бөксө тоо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4