Эшалиев Канжарбек Жаныбекович
Эшалиев Канжарбек Жаныбекович (14. 11. 1978-ж. т., Айгыр-Жал айылы) - мамлекеттик ишмер.
- Жалал-Абад мамлекеттик университетин бүткөн (2001).
- 2001-04-жылдары Чаткал токой чарбасында башкы токойчу,
- 2004-08-жылдары Чаткал токой чарбасынын директору,
- 2008-10-жылдары Жалал-Абад аймактык токой экосистемаларын өнүктүрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси, башкы адиси,
- 2010-13-жылдары “Беш-Арал” мамлекеттик коругунун директору болуп иштеген.
- 2013-жылдан Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин, Маданият министирлигинин отличниги.
- Облустун “Ардак грамоатасы” менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6