Ээ

Википедия дан

Ээ – кыргыздардын салттуу түшүнүгүндө ыйык жайлардын, жерлердин жана жан-жаныбарлардын колдоочусу. Ишеним боюнча айрым бир жайларга, жерлерге, жаныбарларга тиешелүү колдоочу өкүм сүрүп, ал ошол жердин, жаныбардын ээси катары эсептелген. Мис., булактын ээси, мазардын ээси, жаандын ээси, күндүн ээси, ашуунун ээси жана башка, аларды ыйык тутушуп, сыйынышкан жана курмандык чалышкан. Ыйык жерлерге же бейиттерге бакан сайып, ага түрдүү түстөгү чүпүрөктөрдү байлашкан. Кырсык баскан учурда, аял көпкө чейин төрөбөсө, балдар токтобосо жана башка кырдаалдарда касиетүү ээси бар деп эсептелген жерлерге түнөп, курмандык чалышып сыйынышкан, ээсинен ырайымдуулук сурап жалынышкан. Кыргыздардын жер-суу аттарында «ата» деген сөз уланып айтылганы ушул ишенимге түздөн-түз байланыштуу. Мис., Кочкората, Ысыката, Чолпоната, Камбарата жана башка. Алар адамдарга тирүү жан катары көрүнгөн. Мис., булактын ээси ак тайлак, канаттуу жылан, ала бугу жана башка Айрым аймактарда курмандыкка союлган малдын этин жешкенден кийин сөөктөрдү бир жерге топтоп, айлана-тегеректеги таштарга май жалаткан. Ушундай жол менен колдоочуну тамактандырып жаткандай болушкан. Көпчүлүк учурларда адамдын өлүмүн кабарлаганда ээси алды, ээсине бердик деп да айтышат.

Пон

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.