Камбарата
Көрүнүш
Камбарата | |
|---|---|
| Мүнөздөмө | |
| Узундугу | 34 км |
| бассейндин аянты | 367 км² |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | |
| Област | Жалал-Абад облусу |
| Район | Токтогул району |
Камбарата – Токтогул районундагы суу, Нарындын сол куймасы. Узундугу 34 км, алабынын аянты 367 км2.
Такталык ж-а Көгирим тоолорунун туташкан жеринен башталып, Нарынга куят. Жогорку агымында Коңурөгүз, Туюктөр аталат. Башкы ж-а ортоңку агымында жайык өрөөн, төмөн жагында Орток ж-а Чабак тоолорунун төмөн кууш капчыгай аркылуу агат. Негизинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Келте (сол), Ичкесай (оң). Жылдык орт. чыгымы 1,2–2,6 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь – июлда, азы январь – февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2