Ээрди шөкөттөө
Буюмдун бетине түстүү металлдарды чабуу. Темирге күмүш жалатып, көрчөгөлөрдү берүү менен ээрдин бетин кооздоо салты. Мында да ар бир зергердин өзүнө таандык чеберчиликтери баамдалат. Ээрдин алдыңкы, арткы акталары күмүш менен жээктелет. Көкүрөгүнүн асты-үстү жана ээр кашы айланта туташ чабылган күмүш алкактарга «чапкылоо», «сыя төгүү», «кесүү», «оюм кылуу» өңдүү көркөм ыкмалары менен кооздуктар түшүп, атайын көркөм калыптарга куюлуп, жылдызчаланган көрчөгөлөр (топчулар) чабылат. Ээрдин алдыңкы бетине чөгөрүлгөн кызыл, жашыл, көк, сары түстөгү асыл таштардын төгөрөгү эшилген майда күмүш зымчылар жана торчолор аркылуу «тогуз төбөлөнөт». Мындай кооздук ээрдин кашынын эки ачасында да күйгөн жылдыздай жаркырап көрүнүп турат.
Зергерлер кыз-келиндер үчүн токунган ээрлерге узанууда бөтөнчөлүгү бар. Анын эр ээриндей тегерек кашы болбойт. «Ыңырчак сымал» алды-артын бирдей көрүнүп, муну көк менен да, жыгач менен да кураштырып жасоого болот. Демек, зергерлер ээрдин алдыңкы-арткы беттерине туташ күмүш чабышат. Четтерине «араа тиш», «толкун», «чычкан изи» сыяктуу көркөмдүк жүгүртүшүп, анан кооз оюм түшөт. Ал «мүйүз», «кыял», «карга тырмак» өңдүү оюмдардын элементтерин таасын сактайт. Буга да эр ээрдей жашыл, сары, кызыл, көк асыл таштар, айнектер чөгөрүлүп, «чапкылоо ыкмасы» менен атайын из түшүрүп, көркөм чиймеге «сыя төгүп» кооздолот. Жука күмүштү кайчылап, оюм кылып чаап, шөкөттөгөн усталар да болот.
Алды-артына бирдей сүйрү каш чыгара чаап, укмуштай шөкөттөөчү усталар Талас, Кетмен-Төбө, Жаңы-Жол, Ала-Бука, Чаткал тарапта көп чыккан. Андай ээрлерди кооздоо, албетте, беркилерден айырмалануучу бөтөнчөлүктөрү бар.
Маалыматтын булагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)