Ээрчи

Википедия дан

Ээрчи - ээр, айырмач, ыңырчак, кырмачылар аяк, табак, чара, чөмүч, тепши, челек, чыны, кап, кашык, соку, сокбилек, ийик, тактачы-сандык, жагдан, такта, бешик, үкөк, чийне, чана, комузчу комуз, кыяк, чоор, добулбас ж. б. жасашкан.

Бул буюмдарды жасоого арча, кайың, терек, жаңгак, тал, өрүк, табылга ж.б. жыгачтар пайдаланылган. Жыгач устанын негизги куралдары балта, араа, керки, бай теше, чот, бычак, ийди, аталгы, үшкү, көзөөч, тез, тарткы ж.б. болгон. Жыгач уста өз үйүндөгү дүкөнүндө иштеп, бир-экиден шакирт күткөн. Ар бир жыгач устанын колунан чыккан буюмдар чеберчилигине жараша жасалышы, кооздолушу, сапаты жагынан өзгөчөлөнгөн.

Минусинск, Кызыл, Абакан, Краснояр (Кызылжар) шаарларындагы тарых музейлеринде сакталган байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздарга таандык эмгек, устачылык ж.б. куралдарынан кыргыз коомунда кол өнөрчүлүктүн өтө жогорку дэңгээлде өнүккөндүгүн көрүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.