Эң жаш студент

Википедия дан
Танишк Абраам

2012 жылдын ортосуна карата дүйнөдөгү эң жаш студент болуп Танишк Абраам саналат. Танишк 2 жылдан бери (2010) American River College дин «Палеонтология жана астрология» факультетинде ийгиликтүү илим алып, бакалавр даражасын алууга ишенимдүү бара жаткан кези. Университетке 7 жашында, жалпы-федералдык интеллектуалдык тестти “мыкты” деген баага берген соң кабыл алынган.

АКШнын мыйзамы жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн мектептик аттестатты жана жашы толгондугун талап кылбайт. Ошондуктан Танишкке студент болууга эч нерсе жолтоо болгон эмес. Ата-энесинин сөзү боюнча, эки жашка чыкканда эле мыкты жөндөмдүүлүгүн көрсөтө баштаган, ал эми бешке толгондо Стэндфорд университетинин (Stanford University) экинчи курсунун студенттери чыгарчу эсепти чыгарып калган. Төрт жашында тесттик тапшырмаларды ийгиликтүү чыгарып “Менса” коммерциялык эмес уюмунун мүчөсү болуп калган. Бул уюмга IQ су абдан жокорку деңгээлде болгон адамдар гана мүчө боло алган.

Вундеркинддин атасы – Бижу Абраамдын сөзү боюнча, баласы жети жашында эле мектептик программаларды билип алгандыктан, ата-энеси ошол замат колледжге берүүнү чечишкен. Ага чейин Грегори Смит аттуу жаш бала 10 жашында университеттин босогосун аттаган. Кийинки ишмердигин ал саясат менен байланыштырып, балдардын коомдук кыймылынын негиздөөчүсү да болгон. Эки жолу Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Сабак учурунда

Кичине балдардын университетке тапшыруусу боюнча тарыхта бир канча окуялар болгон: андай жаш студенттердин бири Кембридж университетин бүтүргөн 14 жаштагы Уильям Питт. Уильям 1773 жылы тапшырган. Мындан эки кылым өткөндөн кийин ушул эле университетке 15 жаштагы Арран Фернандес тапшырган.

Интернеттеги шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөдөгү эң жаш студент Archived 2013-03-07 at the Wayback Machine