Юкагирлер

Википедия дан

Юкагирлер (өздөрүн деткиль, одул, ваду, алаи деп аташат) - Чыгыш-Сибирь эли. Саны 2 809 киши, а. и. Россияда 1 509, Саха Республикасында 1 097, Чукотка автономия округунда185, Магадан областында 79, Санкт-Петербургда 22 (2010).

Юкагир, ошондой эле орус, якут, эвенк, чукот тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - православныйлар. Тарыхый изилдөөлөр боюнча Ю. Чыгыш Сибирдин байыркы калкынын тукумдары. 1-2-миң жылдыкта Чыгыш Сибирге тунгустар (эвенк жана эвендер) жана түрк элдери (якут) жер которуп келип, алар менен ассимиляцияланышкан. 17-кылымдаЮ. Индигиркиден Анадырга чейинки аймакты ээлеген. 17-19-кылымдарда алардын Россиянын курамына кириши, якуттар, эвендер, орустар, коряктар жана чукчалар менен болгон чырчатактар, жугуштуу оорулар ж. б. себептерден улам Ю-дин саны азайып кеткен. Негизги кесиби - аңчылык, бугу өстүрүүчүлүк, балык уулоочулук. Ит унаа катары пайдаланылат. Салттуу кийимдери эвенк жана эвендерге жакын. Тамакашы негизинен эт, балык жана козу карын, өсүмдүктөрдүн тамыры, мөмө-жемиштер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4