Юридикалык академия

Википедия дан

Юридикалык академия, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА) - КР өкмөтүнө караштуу өлкөдөгү жогорку окуу жайы. 2003-ж. КР Президентинин атайын жарлыгы менен түзүлгөн.

Академияда окутуунун негизги профилдери: эл аралык укук, сот-прокурордук, адвокатура жана юстиция, укук жана ишкердик, тергөө-криминалистикалык, башкаруу жана укук ж. б. КМЮА магистранттарды жана жогорку квалификациядагы адистерди даярдайт. Билим берүүдө инновациялык технологиялар колдонулат. КМЮАда кесиптик ишине байланышкан практикалык тажрыйбаларды бекемдеген бирден-бир Г. Гросс атындагы Окуу-инновациялык криминалистикалык комплекс иш алып барат. Академия Түркия, Кытай, Казакстан, АКШ, Германия ж. б. дүйнө өлкөлөрүнүн окуу жайлары менен кызматташат. Академияда 6 ф-тет, юридикалык коллеж, ошондой эле ага караштуу Ысык-Көл юридикалык институту, Нарын юридикалык коллежи, Талас юридикалык ф-ттери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4