Юрий Долгорукий

Википедия дан

Юрий Долгорукий (1090 - 15. 5.1157, Киев) - Ростов-Суздаль князы жана Киевдин улуу князы (1149-51), Владимир Мономахтын уулу.

Салттуу түрдө Москва шаарынын негиздөөчүсү деп эсептелет. 1113-жылдан (айрым маалыматтарда 1096-жылдан) өмүрүнүн аягына чейин РостовСуздаль княздыгын башкарган. 1120-ж. половецтерге жана Волга боюндагы булгарларга каршы Киев Русунун жүрүшүн жетектеген. 1125-ж. Ростов-Суздаль княздыгынын борборун Ростовдон Суздалга көчүргөн. 1132-жылдан түштүк Переяславль жана Киев үчүн күрөшкөн (ушундан улам Долгорукий - Узун кол деп аталып калган). Киев Русунун түндүк-чыгыш бөлүгүнө көптөгөн шаарларды, Спасо-Преображенский соборун, Борисоглебск чиркөөсүн, Кидекша резиденциясын ж. б. курулуштарды курдурган. Москванын Тверь аянтына, ошондой эле Дмитров, Кострома, Переславль-Залесский, Юрьев-Польский шаарына эстелиги тургузулуп, ысмы Россиядагы атомдук суу астында жүрүүчү кемеге ыйгарылган (2007). Москванын 800 жылдыгына карата анын сүрөтү түшүрүлгөн эстелик медалы чыгарылып, «Князь Юрий Долгорукий » аттуу кино тасма тартылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4