Юсупов Куке

Википедия дан

Юсупов Куке 1900-жылы туулган. 1940-жылы согушка аттанып, 1945-жылы согуш аяктаганга чейин катышып, андан сон 1947-жылга чейин Япониядагы согушка да катыщкан. Бир нече ордендер, медалдар жана грамоталар менен сыйланган. 1982-жылы 11-ноябрда дүйнөдөн кайткан.

Жаш кезинен атасынан ажырап, жетимдикти башынан өткөрүп, жаш кезинен турмуштун оор запкысын көрүп, эмгекчил жана чынчыл, адилет болуп өсүп, көп жыл өз айылында жумушчу болуп эмгектенген. Ар кандай жумуштарды так жана таза аткарган. Бригадир наамына жеткен. Сегиз баланы тарбиялап, андан үчөөсү аман калган. Чон уулу Адиш, Kapa, кызы Сайкал.

Согуштан аман кайткан сон кайра өз элине келип, эмгек жолун Дружба совхозунда Сузак районунда уланткан.

Ал кишинин дагы бир өнөрү саяпкерлиги болгон. Андыктан көк бөрү улуттук оюнунун устасы катары, көп жолу эл аралык мелдештерге катышып, областтын наамысын коргогон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3