Ядролук энергия

Википедия дан

Ядролук энергия, атом энергиясы атом ядросунун ядро реакциялары учурунда бөлүнүп чыгуучу ички энергия.

Ал ядро түзүүчү нуклондордун кыймылы жана өз ара аракеттениши менен байланышкан. Ядролук энергия ядролук айлануу учурунда өзгөрөт. Эгер ядролук айлануунун натыйжасында чоң салыштырма ядронун байланыш энергиясына ээ болуучу ядро түзүлсө, анда энергия бөлүнүп чыгат Ядролук энергия оор ядролордун ядро уланма реакциясынын натыйжасында бөлүнүүсүнөн жана жеңил ядролорду термоядролук реакциялар учурунда синтездөөдөн алынат. Азырынча ядро энергетикасында биринчи жол менен алынган Ядролук энергия гана пайдаланылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4