Ялда түнү
Шаб-е Ялда же Ялда түнү (перс. یلداشب ), Шаб-е Челле (перс. شب چله) —жылдын эң узун түнү катары майрамдалуучу байыркы Иран майрамы.
Ялда майрамынын тарыхы митра ырым-жырымдарына байланыштуу. Бул түнү – парстардын зороастризм заманынан башталган жакшылыктын, жарыктын жана Күн Кудайы деп эсептелген Митра жарык дүйнөгө келген түн. Жылдын эң узак түнүнөн кийинки таңда Митранын аруу тазаа, пакиза энеси коз жарган. Кышкы күндүн суугуна байланыштуу бул майрам бир күн артка же болбосо бир күн алдыга жылдырылып майрамдашы да мүмкүн.
Корневое аты жана башка сөздөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаб-э Ялда –Ялда түнү – Иран зороастрий түпкүрүнө таандык болуп, Митра күн кудайынын туулгандыгына байланыштуу майрамдалган. Бул түн эң узун түн катары 21- нен 22- январга караган түнү майрамдалат. 2008 – жылы Ялда түнү Ирандын улуттук баалуулук тизмесине расмий түрдө кирген. Иран жылнамасы боюнча – бул түн 30 азардан 1- дей айына караган түнү майрамдалып Иранда кыштын башталышын билдирет. [1]
"Дей", - бул зороастризмди курган кудай, кийинчерээк жарыктын кудайы болуп калган. Даанышман лингвиттер англисче "day" – “күн” так ушул кудайдын атынан алынган деп билишет. «Шабе ялда» - төрөлүү түнү дегенди билдирет. Сасанид империясы кулагандан кийин жана ислам динин жайылуусу менен бирге Ялда майрамынын баркы кетип, жөнөкөй гана үй бүлөлүк зороастрийлердин майрамы катары майрамдалып калган. Бул майрамдагы жаңы жемиштердин тасмалга коюлушу байыркы салттагы Кудайлардын молчулук жана түшүмдү сактоо тилегин жана дубасын эске салып дыйкандарга болгон өзгөчө сый урматты баяндайт. XIII кылымдын аягында Саади өзүнүн Бустанында: “Чыныгы таң Ялда түнү бүтмөйүнчө келбейт” деп жазган. [2]
Фоны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Байыртадан караңгы түн – туңгуюкту жана түнттүктү туюндурат эмеспи, андыктан түндүн узун болушу менен жамандыктын кудурети күчтүүрөөк болот деп билишкен. Бирок, ага карабастан элдер ошол эң узун караңгы түндөн кийин күндүн узарып баштаганына байкоо жүргүзүшүп, Ялда түнүнүн өтүшү менен түн кыскарып, Күндүн узарып башташы - жарык менен жакшылыктын көбөйүп, караңгылык менен жамандыкты жарык менен жакшылыктын жеңет деп билишет. Ялда түнүнүн майрамдалышынын дагы бир негизи, күзгү мол түшүм, жыйым теримдин аякташы менен дыйкандар чоң майрам өткөрүшкөндүгүнө байланыштуу.
Бул майрамдын даги бир чоң өзгөчөлүгү бул майрамда Иран эли Хафиз ырларынын жыйнагы менен төлгө тартуусунда. “Шабе Ялда” түнүндө жаңы жана кургатылган мөмө жемиштер, аджил: туздалган жана куурулган фисташка, фундук, жер жаңгак, миндаль, күн карама, ашкабак, дарбыз дандары жана буурчак. Стол үстүндө сөзсүз турдө анар, дарбыз, коон ден-соолуктун символу катары коюлушу керек. Бул түнү баардык Иран шаарларынын татту жана мөмө саткан дүкөндөрүнө, кечки майрамга мөмө жемиш, татууларды алуу үчүн сатып алуучулар жык толушат.
Бул түнү бардык тууган-туушкандар, жоро-жолдоштор, жакшы санаалаштар үйдөгү очоктун жанына чогулушуп атайы Ялда түнүнө даярдалган дарбыз, коон, анар жана туздалган жана куурулган фисташка, фундук, жер жаңгак, миндаль, күн карама, ашкабак, дарбыз дандары жана буурчак даярдалган аджил жеп ар кандай жомокторду, ырларды окуу менен бирге шадыра-шатман дарбыз жешет. Дарбыз - бул түндүн эң негизги жемиши. Бул түнү Дарбыз жеген адамдын жылы бою ден-соолугу чың болуп, оору-сыркоодон алыс болот деп ишенишет. Анткени ден-соолук күлкү, шаттык, жигердүүлүктүн дегеле баардык жакшылыктардын башаты жана мүлкү эмеспи. Бул түнү жогоруда айтылган Хафиз ырлар жыйнагынан төлгө салышып, дуба кылышат таң заарга чейин укташпай, ниеттери кабыл болуусун жараткандан тиленишет.[3]
یلدا، شب اول زمستان و شب آخر پاییز است که اول جَدی و آخر قوس باشد و آن درازترین شبهاست در تمام سال و در آن شب و یا نزدیک به آن شب، آفتاب به برج جدی تحویل میکند و گویند آن شب بهغایت شوم و نامبارک میباشد و بعضی گفتهاند شب یلدا یازدهم جدی است. |
Төмөнкү колонтитул
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ هاشم رضی، گاهشماری و جشنهای ایران باستان، ص ۵۵۴
- ↑ Калып:یادکرد دانشنامه
- ↑ هاشم رضی، گاهشماری و جشنهای ایران باستان، ص ۵۶۰