Ярунтуз тоосу

Википедия дан

Ярунтуз тоосуАлай кырка тоосунун түн. тармагы Чабай ж-а Пум сууларынын (Исфайрамсайдын оң куймалары) аралыгында кеңдик багытында 23 кмге созулуп жатат.

Туурасы 7 км. Орт. бийикт. 3100–3300 м, эң бийик жери 3670 м. Кыры негизинен тайпаң, анда-санда шиш чокулар кездешет; түн. капталы кыска, Пум суусунун капчыгайына тик түшөт, түш. Капталы жантайыңкы, кокту-колоттор кездешет. Соңку девондун доломит, акиташ теги, алгачкы карбондун оолиттүү, кремнийлүү ж-а бокситтүү акиташ тектеринен турат. Көмүр кендери бар. Негизинен талаа (1900–2000 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (2000–2700 мге чейин), сейрек токойлуу талаа (2700–3000м) , субальп ж-а альп шалбаасы, сейрек бетегелүү талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2