Ясыр Шиваза

Википедия дан

(1906–1988)

Жазуучу Ясыр Шиваза Чүй өрөөнүндөгү Александровка айылында 1906-жылы 18-майда туулган. Ясыр 1930-жылы Ташкенттеги эл агартуу институтун бүтүрүп, Фрунзе шаарындагы дунган мектебине директор, педагогикалык окуу жайына мугалим болуп иштеп, дунган жазуусун, орфографиясын, алиппесин түзгөн, кийин окуу китептерин жазган. 1931–1938-жж. Кыргызстан мамлекеттик басмасында дунган тили жана адабияты боюнча башкы редактор, 1938–1942-жж. Жазуучулар союзунда консультант жана жетекчи кызмат аткарган. 1942–1946-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1946–1951-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунда консультант, жооптуу катчы, 1950–1951-жж. «Литературная газетада» Кыргызстан боюнча кабарчы, 1954-жылдан Кыргызстан мамлекеттик басмасында, «Октябрь туусу» аттуу дунган гезитинин редактору, 1957–1965-жж. «Шыйуэди чи» дунган гезитинин редактору болгон.
1929-жылдан Я.Шиваза бир канча ырлар жыйнагын, поэмаларын, аңгеме жана повесттерин дунган, кыргыз жана орус тилдеринде чыгарган.
1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1937-жылы Я.Шивазанын «Тандалган ырлар» деген жыйнагы орус тилинде, 1941-жылы «Чолпон» деген ырлар жана поэмалар жыйнагы кыргыз тилинде чыккан. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын декадасында Я.Шивазанын чыгармалары жогору бааланган.
1974-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» деген наамга татыктуу болгон.
Я.Шиваза дунган маданиятына, кыргыз адабиятына сиңирген эмгеги үчүн Эмгек Кызыл Туу, «Ардак белгиси» ордендери менен «Берлинди алгандыгы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиштүү аяктаганына XX жыл», «СССРдин куралдуу күчтөрүнө 50 жыл», «1941–1945-жылдардагы согуштун жеңишине 25 жыл», «1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине 30 жыл» медалдары менен сыйланган.
Я.Шиваза Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө кандидат, Кыргызстан КП Фрунзе обкомуна, Фрунзе облустук жана шаардык Эл депутаттар советине шайланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Чолпон: Ырлар жана поэмалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 67 б.

Революция толкуну: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1932. – 44 б.

Тянь-Шандын баатырлары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1946. – 36 б.

Чыныдагы жазуу: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1948. – 119 б.

Муса: Повесттер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 120 б.

Муса. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 55 б.

Шэньсиге кат: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 56 б.

Туулган күн: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас. 1955. – 108 б.

Менин досторум. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 217 б.

Жазгы жел: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 138 б.

Кайрылуу: Ырлар жана поэма. Жаштар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1971. – 78 б.

Күзгү кайрыктар: Тандалган ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан,1976. – 247 б.

Шаттык себем: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 296 б.

Орус тилинде

Избранные стихи. – М.: Гослитиздат, 1937. – 55 б.

Китайский рисунок: Стихи. – М.: Гослитиздат, 1939. – 110 с.

Чолпон. – Ф.: Киргизгосиздат, 1941. – 68 с.

Надпись на чаше: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1947. – 94 б.

Голубая река: Стихи и поэмы. М.: Гослитиздат, 1958. – 159 с.

Весенний ветер: Стихи. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 71 с.

Мой новый дом: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 159 с.

Стихи. Пер. с дунганского. – М: Сов. писатель, – 1976.

Весенние напевы: Стихи, поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 104 с.

Весенние напевы: Стихотворения и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1981 – 232 с.

Я сею радость: Стихотворения. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 58 с.

Серебрянная флейта. Стихи. Пер. с дунганского. – М.: Художественная литература, 1986.

Дунган тилинде

Таң алдындагы жылдыз: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1931. – 67 с.

Революциялык кыймыл: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1932. – 43 б.

Эмгек гүлү: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1934. – 107 б.

Өткөн жол: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 121 б.

Ян-Цзы-цзян: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 84 б.

Менин жаңы үйүм: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 94 б.

Менин жаңы үйүм: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 77 с.

Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 217 б.

Менин жолдошторум: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 197 б.

Өткөн жол: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 121 б.

Жазгы жел: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 95 б.

Саламатпы, менин мекеним: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 97 б.

Саламатпы, жаз: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1967. – 220 б.

В родном доме: Повести и рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 330 с.

Чунтянди йин: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1981.

Тежянхади зуэпин. Тандалган чыгармалар. – Ф., 1988.

КОТОРМОЛОРУ

Дунган тилинде

Токтогул. Сборник стихов. – Ф.: Киргизгосиздат, 1959. – 76 с.

Утро моей Родины: Стихи киргизских поэтов. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 94 с.

Тянь-Шаньские напевы: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 59 с.