Үйрөнүү

Википедия дан

Үйрөнүү (орус. Учение) – максатка багытталган, окуучунун, студенттин билимдерди өздөштүрүү, билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ болуу, айлана–чөйрөгө карата өзүнүн баалуулук мамилелерин калыптандыруу жараяны. Окуу ишмердигин ишке ашыруу коюлган максатка ылайык адамдын өз аракеттерин башкара билүү жөндөмдүүлүгү менен шартталат.

Үйрөнүү негизинен үч курамбөлүктөн турат:

  • Ынтызарлануу;
  • Түздөн-түз окуу иш-аракеттери;
  • Натыйжаларды талдап баалоо иш-аракеттери.

Ынтызарлык инсандын оң да, терс да эмоциялык абалына (окуп үйрөнүүчү материалдык жаңылыгы жана кызыктуулугу, мугалимдин жагымдуу иш-аракети, мактоого татыктуу болгусу келүү, терс баа, жаза алып калуудан кооптонуу, мугалимден коркуу, класста келеке болгусу келбөө ж. у. с.), билим алуунун манилүүлүгүнө түшүнүүсүнө (бул же тигил билимдин, билгичтиктин жана көндүмдүн дүйнө таанымдык, социалдык, практикалык маанисин аңдап-билүү, окуу сабактын болочок турмушу менен байланыштыруу, өзүнүн парзын, жоопкерчилигин сезүү ж. у. с.), таанып билүү процесинин өзүнөн канааттануу алуу (билимге болгон кызыгуусу, ышкылуулук, өзүнүн маданий деңгээлин көтөрүүгө умтулуу, окуу-таанымдык тапшырмаларды аткаруу жараянын өзүнө кызыккандык ж. у. с.) байланыштуу.

Окуу иш-аракеттери аңдалып-түшүнүлгөн максатка ылайык ишке ашырылат. Аларды тышкы (байкалуучу) жана ички (байкалбоочу) деп эки түргө бөлүүгө болот. Тышкы иш-аракеттерге жазуу, сүрөт тартуу, тажрыйба жүргүзүү, угуу, байкоо, сүйлөө ж. б. кирет. Ал эми ички иш-аракеттер болуп материалдарды эске сактоо, аны иретке келтирүү, ой жүгүртүү ж. б.

Натыйжаларды талдап баалоо, б. а. иш-аракеттин натыйжаларын анализдөө, баалоо инсанга өзүнүн күчтүү жана чабал жактарын аныктоого жана тиешелүү чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004