Үй чарба

Википедия дан

Үй чарба (кожолук) - коомдун обочолонгон ячейкасы, азык түлүктү өндүрүү, аны керектөө, жумушчу күчүнүн ордун толуктоо өз ичинде жүрөт.

Кожолуктар кошуналык община калыптанып жаткан мезгилде көбүнчө үй-бүлө базасында пайда болгон. Кожолук бир нече бүлөдөн турган. Көп үй-бүлөлүү кожолук үйлөнгөн балдар бөлүнүп кетпей өз үй-бүлөсү менен ата башкарган бир чарбада кала беришинен пайда болот. Мындай үй-бүлө чоң, бөлүнбөгөн, кеңейтилген же патриархалдык үй-бүлө болот. Кээде көп үй-бүлөлүү кожолуктар башчы-ата өлгөндөн кийин бөлүнүп, айрым үй-бүлө чарбаларына айланат, кийин анын ар бири көп үй-бүлөлүү кожолука айланат жана кайрадан кожолука бөлүнөт. Бул варианта көп үй-бүлөлүү кожолук циклдик өнүгүштүн бир фазасы болуп саналат, башка бир фазасы бир үй-бүлөлүү кожолук.

Башчы-ата өлгөндөн кийин бөлүнбөгөн көп үй-бүлөлүү кожолуктар да өзгөрүүгө учурайт. Башчынын ордун балдарынын улусу ээлейт. Үй-бүлөлөрдүн мындай бирикмеси илимий адабияттарда чоң тууган үй-бүлөлөр деп аталат. Аялдары, алардын балдарынан турган кишинин кожолугун өзгөчө бөлүп көрсөтүүгө болот. Бул полигиниялык кожолук. Илимий адабиятта аны көп учурда чоң же патриархалдык үй-бүлө деп аташат. Аялдары алардын үйлөнгөн жана үйлөнө элек балдары кирген кишинин үйү да патриархалдык үй-бүлө деп аталат. Мындай кожолук үй-бүлө башчысы өлгөндөн кийин, адатта бир үй-бүлөлүү же полигиниялык кожолуктарга ажырайт.

Түрдүү топтордо ар кайсы мезгилде көп үй-бүлөлүү кожолуктардын ичиндеги мамилелер түрдүүчө болгон. Бир учурда жалпы чоң үй-бүлөлүк менчик гана болгон. Аны кожолуктун башчысы башкарган. Кожолуктун башка мүчөлөрү башчынын көзөмөлү астында аны пайдалана гана алган. Бардыгы чогу тамактанышкан.

Башка бир учурда кожолуктун ичинде өндүрүлгөн азык-түлүктүн бир бөлүгү айрым үй-бүлөлөргө бөлүнгөн. Үчүнчү вариантта ар бир үй-бүлө жалпы чарбада иштөө менен бирге өздөрүнчө жеке чарба жүргүзүшкөн. Өз алдынча бир үй-бүлөлүү кожолуктар тыгыз экономикалык байланышта болсо, аны да чоң үй-бүлө деп аташат. Мындай кожолуктар, адатта, кошуналык общинага биригишет. Алардын ортосунда өз ара жардамдашуу салты бар.

Аталган үй-бүлө XIX к. ортосуна чейин кыргыздарда да үстөмдүк кылган. Анын калдыктары XX к. башына чейин, айрым жерлерде колхоздоштурууга чейин сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.