Үлгү ырлары

Википедия дан

Үлгү ырлары – элдик оозеки адабиятта жана ырчылар поэзиясында кеңири тараган дидактикалык чыгармалар. Жанрдык белгиси боюнча санат-насыят, терме ырларына жакын, а түгүл алар биригип, бири-биринин структурасына сиңишип да кетет. Айырмасы үлгү ырларында төкмө акын же аткаруучу бул чыгармасында элге түздөн түз кайрылат, кандай жүрүш-туруш жакшы, кайсынысы жаман экенин ачык айтат, жакшы адептик эрежелерден үлгү алууга чакырат. Үлгү ырлары өтө таланттуу ырчылар тарабынан гана чыгарылган (Жеңижок, Эшмамбет, Токтогул, Барпы жана башкалар) Мисалы,

Эчкинин көркү – төл менен,
Эгиндин көркү – жер менен,
Эликтин көркү – төр менен
Эр-жигит көркү – эл менен.
Булбулдун көркү гүлдө бар,
Ырчынын көркү үндө бар,
Ак шумкар учса асманга,
Амалың болсо үндөп ал!

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]