Үмөтаалы (акын)

Википедия дан

Үмөтаалы (1873–1917) – төкмө акын. Үмөтаалы Өз мезгилинде төкмө акындардын белгилүү өкүлдөрүнөн, кадимки жез таңдай аталган Эсенамандын перзенти. Ал өз чыгармачылык өмүрүндө жоктоо, кордоо, мактоо, жар чакыруу, коштошуу, айтыш сыяктуу ар башка темадагы салттуу ырларды жараткан. Үйлөнүү үлпөтүндө кыз көрүү, той түшүрүү, той ээлерин куттуктоо ырларын да түзгөн. Сулайман ырчы менен ырдашууда кайым айтыштын классикалык үлгүсүн жаратып, төкмөлүк өнөрдүн ири өкүлү экендигин ачык айкындаган. Айрым маалыматтарга караганда “Кожожаш”, “Саринжи, Бөкөй” өңдүү ири чыгармаларды аткарып, калктын купулуна толгон.

Үмөтаалы канча жашынан баштап ырдаганынан так маалымат жок. Ал деле башка ырчылардай бет ачарын кыз оюнда ырдап, үлпөт сүйүү ырларын жаратуудан, жарамазан айтуудан баштайт. Ырындагы фактыларга караганда, атасы Эсенаманды мындай койгондо да өз учурунун ак таңдай акындары Чоңду, Сартбай, Өтөнүн (Жеңижоктун) ырларын угуп, Тайкожо тарткан сурнайдын, Жантакпай сыяктуу чебер комузчулардын сыйкырдуу күүсүн тыңшап, табият тартуулаган акындык шыгын, көркөм дүйнөсүн байытат. Ар түрдүү өнөрдүн ээси Сартбай менен чыгармачылык карым-катышта болот. Сартбай да анын акындыгын жогору баалап, аталык камкордук менен мамиле жасайт. Үмөтаалынын каза болгонун укканда: “ала аялсыз жаз өлдү (аялы мурун өлүп калган болот), Үмөтаалы таза өлдү (перзент көрбөй өтөт)” – деп, буркурап ыйлап кошот. Кыскасы, жогоркудай көркөм дүйнө акындын чыгармачылык өнөрканасында түбөлүк унутулгус из калтырат. Кантсе да Үмөтаалы акын катарында Саза байдын ашында, эл көп чогулган чоң жыйында жар чакырып, калктын сыноосунан өткөндөн кийин таанылат. Сазанын ашы 1899-ж. болуп, өзүнүн конок күтүү ирети, шаан-шөкөтү жагынан Талас өрөөнүндө өткөн башка аштардан айрыкча айырмаланат. Жалаң кеңешке 12 бээ союлуп, Үмөтаалы жарчылыкка дайындалат. Элди аралап, аш ээсин, жыйындын салтанатын, конок алуу жайын, өткөрүлө турган оюн-зооктун иретин, сайылган байгелерди калкка жарыялап, үнүнүн бийиктиги, кооздугу, сөз чеберчилиги менен купулуна толуп, оозго алынат. Үмөтаалынын чоң тойдо ырдаган ырларынан Сулайман ырчы экөөнүн кайым айтышы бизге келип жетти. Үмөтаалынын чыныгы акындык жүзү, талант ажары, төкмөлүк чеберчилиги кантсе да социологиялык мазмундагы кордоо ырларынын тобун түзөт. Акын өз заманынын тарыхый-социалдык шартын, коомдун адеп-ахлактык эрежелерин, журт бийлеген билермандарынын чыныгы маңызын жакшы түшүнгөн адам болгон. Ошондуктан алардын кылган иштерин, кулк-мүнөзүн реалдуу талдап, калк сезимине жеткире алган. Бирок, кантсе да акындын аң-сезими, саясий көз карашы, бул же тигил көрүнүштү баамдоосу кандайдыр бир деңгээлде уруучулук-феодалдык түзүлүштүн жол-жоболук эрежесинен чыга алган эмес. Буга анын чейне, сакалдыларды (уруктун аты) кордогон ыры ачык күбө.

Жыйынтыгында акын чыгармачылык өмүрүндө кордоо ырларын көп жаратып, анда өз чөлкөмүндөгү белгилүү болуш, байлардын тузагына илинбегени калбаган өңдүү. Алардын сараңдыгын, адамды иренжите турган кылык-жоругун чегине жеткире таамай айтат. Бизге жеткен азыноолак материалдардан эле анын өз заманындагы ири төкмөдөн болуп, ар кандай мазмунда, тематикада ырдаган ар тараптуу курч акын экендиги, салттык ырдан баштап, ири коомдук-социологиялык проблеманы козгоого чейин көтөрүлгөндүгү, айтыш өнөрүндө да күч сынагандыгы жана турмуштук жагдайда, чыгармачылык өмүрүндө болсун кыйын кезеңдерди басып өткөндүгү ачык көрүнүп турат. Акындын ден соолугунун начарлыгы, перзентсиздиги да көңүлүн чөгөрүп, кеңири чабыт алууга мүмкүндүк бербейт. Бирок, тилекке каршы чоң акындын чыгармалары советтик доордо да жыйналбай, изилденбей, кийинки жылдары гана көңүл бөлүнө баштады.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]