Үмөталиев, Айтмамат

Википедия дан

Айтмамат Үмөталиев (Алай районунун Корул айылында 1931-жылы 25-майда туулган – 1980) - акын, драматург.
1949-жылы Гүлчөдөн орто мектепти,
1951-жылы мугалимдердин Оштогу 2 жылдык институтун аяктап,
Алай районунун Будалык айылында К.Маркс мектебинин директору,
«Ленин жолу» гезитинде кабарчы болуп 1953-жылга чейин,
1954-жылы «Кыргызстан пионери» гезитинде жооптуу катчы болуп иштеген.
1956-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабий институтка кирип, бүтөөр жылы 6 жылга камалып, бирок 3 жыл мурда бошотулган.
1962-жылы Кара-Суу районунун «Эмгек майданы» гезитинде,
1964-жылдан баштап Алай райондук гезитинде адабий кызматкер, мектептерде мугалим болуп эмгектенген.
1955-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. Камалгандан кийин мүчөлөктөн чыгарылып, 1998-жылы кайрадан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөлүгү калыбына келтирилген.

Драмалары бир топ республикалык конкурстардын жеңүүчүсү болгон. Чыгармалары гезит-журналдарга, альманахтарга басылган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Арча: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1967. – 118 б.

Эркиндик булбулу: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 156 б.

Ырлар. – 1998. – 120 б.