Үмөтов, Жумабай

Википедия дан

Үмөтов Жумабай (1933, Ак-Суу району, Ичке-Жергез айылы — 1995, Бишкек ш.) - колдонмо өнөр сүрөтчүсү. Кыргыз эл сүрөтчүсү (1979), Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1979).
В. И. Суриков атындагы Москва сүрөт институтунун көркөм мектебинен, В. И. Мухина атындагы Ленинград жогорку көркөм окуу жайынан билим алган.
Үмөтов негизинен кездемелердин бетине түр салуу, улуттук оймо-чиймелерди иштеп чыгуу өнөрүнө көп эмгек сиңирген. Ал түр салган килем Москвадагы бүткүл союздук көргөзмөдө жогорку баага арзыган. «Анчы» (1960), «Кубаныч бийи» (1972) сыяктуу ала кийиздери Франция, АКШ, Канада, Япония жана башка өлкөлөрдө көрсөтүлгөн.
1974-ж. ГДРда (Эрфуртта) өткөн Социалистик өлкөлөрдүн көргөзмөсүндө анын ала кийиздери биринчи сыйлык алган.
Живопись боюнча да эмгектенет: «Кечки күз», «Салкын таң» (1969), «Бийик тоолордо» (1982) жана башка сүрөттөрү белгилүү. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980; «Кыргыз мотиви», «Жайлоо», «Жаз маанайы» аттуу жасалга-колдонмо эмгектери үчүн).
1974-ж. СССР САнын күмүш медалын, 1974-ж. СССР эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн алтын медалын алган.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыял дүйнөсүндө (альбом). — Фр. 1982;

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.