Үмөтов, Таалайбек Эгембердиевич
Үмөтов, Таалайбек Эгембердиевич (1959-жылы Сузак районуда туулган) – педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги. 1984-ж. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн.
Ушул эле жылы педагогика ишмердигин мектепте баштаган. 1989-жылдан баштап илим изилдөө иштери менен катар КМУнун ага окутуучусу, 1992–1996 ж. Билим берүү институтунун ага илим кызматкери болуп иштеген. 1996-ж. «Мектепке чейинки мекемелердеги кыргыздын элдик оюндарын колдонуудагы педагогикалык шарттар» деген нуктада кандидаттык диссертация коргогон.
2003-ж. «Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн теориясы жана тажрыйбасы» (калыптануу, өнүгүү жана болочоктору) – деген нуктада докторлук диссертациясын коргогон. 1999-ж. баштап Кыргыз медицина академиясынын, практикалык педагогика институтунун директору. 30-дан ашык илимий иштер, монография жарыялаган. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери. Эл аралык Айтматов академиясынын академиги.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004