Үндүү тыбыштар

Википедия дан
Үндүү тыбыштар.

Үндүү тыбыштар - акустикалык жагынан тыбышка караганда музыкалык тону басымдуу тыбыштар. Алар муун түзүү касиетине ээ.

Үндүү тыбыштарды чыгарганда (артикуляциялаганда) өпкөдөн чыгып келе жаткан аба агымы тыбыш органдарынын тоскоолдугуна учурабай, үн түйүндөрү гана кыймылга келип, дирилдейт.

Үнсүз тыбыштардын жаралышындагы анатомия-физиологиялык жалпы шарттар:

  • 1) тыбыш органдарында тыбыш пайда кылуучу тоскоолдук болбойт;
  • 2) аба агымы алсыз болот;
  • 3) жалпысынан тыбыш органдары чыңалган абалда турат. Үнсүз тыбыш негизинен тил, эрин жана жумшак таңдайдын тыбыш жасоо учурундагы абалына жараша классификацияланат.

Кыргыз тилиндеги үндүү тыбыштар тилдин абалына карай үч топко бөлүнөт:

  • 1) алдыңкы катардагы же ичке үндүүлөр (и, ү, үү, э, ээ, ө, өө);
  • 2) арткы катардагы же жоон үндүүлөр (а, аа, о, оо, у, уу);
  • 3) аралаш катардагы үндүү (ы). Үнсүз тыбыш жаактын ачылышына (тилдин вертикал абалына) карай - кең (а, аа, э, ээ, о, оо, ө, өө), кууш (и, ы, у, уу, ү, үү); эриндин катышына карай эринчил үндүүлөр (о, ө, у, ү, оо, өө, уу, үү). ачык үндүүлөр (а, аа, и, э, ээ, ы) болуп бөлүнөт.

Кыргыз тилинде үнсүз тыбыш үн узундугуна ылайык кыска үндүүлөр (а, ы, ө, у, ү, и, э, о) жана созулма үндүүлөр (аа, оо, уу, үү, ээ, өө) деп да ажыратылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9