Муун (лингвистика)
Муун (лингвистика) - бир жолку дем чыгаруу менен айтылган бир же бир нече тыбыш муун деп аталат.
Муун - сөздөгу үндүү тыбыштарга карай бир ыргак менен айтылган сөз же сөздүн бөлүктөрүнө дал келет. Кыргыз тилинде Муунду үндүү тыбыш түзөт, т.а., ар бир Муундун борборунда үндүү турат. Ошондуктан сөздө канча үндүү тыбыш болсо, ошончо М. болот. Үндүү тыбыш жеке туруп да, үнсүздөр менен тутумдаш туруп да Муун түзөт.
Кыргыз тилиндеги Муундар үндүү же үнсүз тыбыштар менен башталышына же аякталышына, үндүү тыбышы ортодо болуп, анын эки жагы тең үнсүз тыбыштардан турганына карай, т.а., түзүлүшү боюнча ачык, жабык жана туюк муун болуп бөлүнөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4