Үндү тууроо (адабият)

Википедия дан

Үндү тууроо Поэтикалык речте автор тарабынан бир ыңгай угулган сөздү, же болбосо тыбыш кубулуштарын колдонуу аркылуу сүрөттөлүп жаткан окуянын, нерсенин айрыкча белгилерин ажыратып көргөзөт. Мындай стилистикалык ыкма үндү тууроо деп аталат.

Үндү тууроо бир өңчөй угулган тыбыштардын жардамы менен түзүлүшү мүмкүн. “Тоо алды бак, четинде ак кыштак, Ударнигин уурдап ала качайын Бүгүн майрам, колхоз улак тарттырат. Акырын чап, ай ай, так так, буурул ат”. Жибек менен, баркыт менен сулуулап, Урмат кылып кадыр менен улуулап, Үч мертебе маңдайынан сүйөйүн, – Акырын чап, ай, ай так, так, буурул ат. (А. Осмоновдон). Келтирилген мисалда «к», «т», «п» тыбыштарынын кайталаныш натыйжасында чаап келе жаткандагы аттын таскагы окшоштурулуп сүрөттөлдү. Мына ушундай эле атайы иргелген сөздүн жардамы менен кубулуштун кыймылы жана добушу сүрөттөлүшү мүмкүн. А. Осмоновдун «Кыргыз көлү» деген ырын келтирели: Ысык-көл кыргыз көлү кылкылдаган,
Кыз-келин кылаасында шыңкылдаган.
Кылымдар колдон түшкөн маржан болуп,
Көрүнбөй тереңинде жылтылдаган.
Ысык-көл – кыргыз көлү шарпылдаган,
Көркүнө көктөн башка тартынбаган.
Замандар кербенчидей чубап өтүп,
Чарчаса саясында салкындаган.
Ысык-көл – күрдөөлдү көл күрпүлдөгөн,
Көркүнө көктөн башка сүртүнбөгөн,
Көк түсү таалай көркү, ырыс көркү,
Толкуса толкундары түркүмдөгөн.

Бул ыр Ысык-көл жөнүндөгү А. Осмоновдун пейзаждык лирикаларынын бири. Бирок, бул анчейин гана пейзаж эмес. Акын бул ырында көлдүн ар түрдүү мезгилдеги кыймылын уйкаштык үчүн алынган «кылкылдаган», «шарпылдаган», «күрпүлдөгөн» деген сөздөр аркылуу сүрөттөп жатат. Мында градация да чоң роль ойнойт. Анткени, автор эң мурун көлдүн кыймылсыз кылкылдап жаткан учурун көргөзөт. Андан кийин саал толкундай баштап, шарпылдай баштаган мезгилин элестетет. Эң акырында көлдүн токтоно албай күрпүлдөп жатканын сүрөттөйт. Мына ушул образ көз алдыга үндү тууроо ыкмасы менен элестейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]