Үндөштүк

Википедия дан

Үндөштүк же сингармонизм (грекче syn бирге жана harmonia — үндөштүк, уйкаштык) — сөз тутумундагы үндүү жана үнсүз тыбыштардын фонетикалык жактан окшош айтылышы жана угулушу. Ү. з-на ылайык бир cөздөгү бардык үндүү тыбыштар бүт бойдон ичке же бүт бойдон баштан аяк жоон үндүүдөн турат. Ушуга жараша ал сөздүн тутумундагы үнсүздөр да же бүт түпчүл, же бүт таңдайчыл болуп ыңгайлаша айтылат. Ү. з. айрыкча эрин күүсү кыргыз тилинде (алтай тилин гана эске албаганда) башка түрк тилдеринин ичинен абдан айкын сакталган, башкача айтканда сөздүн биринчи муунунда эринчил үндүү болсо, ага карап кийинки муундардагы үнсүздөр да эринчил мүнөз алат да бүт бойдон эринчил аллофондо айтылат.

Ү. з. кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгынын поэтикасында, айрыкча уйкаштын ар түрлөрүндө, аллитерация, ассонанс, үндөштүк болуп куюлуша курулушунда чоң роль ойнойт. Элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүндө, лирикада, эпикалык чыгармаларда, атүгүл прозалык жанрдын речитациялык жорго сөздөрүндө кеңири колдонулат. Ү. з. поэзияда, анын ичинде "Манас" эпосунда да бир гана сөз ичинде эле эмес жалпы ыр сабына, ыр түрмөгүнө чейин баш аяк жайылып кеткен учурлары көп. "Калмактан коркуп калтырап, Кытайдан коркуп кылтырап" (Сагымбай Орозбаков, 1. 169). "Жаң-жуңуна жарылдап, Калдайына каңкуулап, Доотайына добурап" (Сагымбай Орозбаков, 1. 149) Камбар, Камбар, Камбар кан, Камбар кандан Айдар кан, Айдар кандын баласы (Валиханов жазып алган эпизод, "Ала-Тоо", 1979, № 7, 77-б.).

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4