Үн почтасы

Википедия дан

Үн почтасы (англиялык Voice mail) - телефондо үн билдирүүлөрдү каттоочу (регистрациялоочу), сактоочу жана кайра жөнөтүүчү электрондук система.

Кээде колдонуучуну (абонентти) издөөдө жана ага кабар берүүдө да колдонулат. Үн почтасы кызматы телефон аппараты бошобогон же өчүрүлгөн учурда, колдонуучу жооп бербегенде же абонент тармактын аракет аймагынан тышкары турганда да байланышууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле Үн почтасы кызматы чалган жак калтырган үн билдирүүлөрүн каалаган убакытта угуза алат, ал эми атайын SMS (англиялык Short Messaging Service - кыска маалыматтар кызматы) билдирме автожооп бергичке калтырылган жаңы үн билдирме жөнүндө маалымдайт. Телефон менен электрондук почта серверинде сакталып, робот окуган маалыматты да угууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4