Үркөр

Википедия дан
Үркөр (топ жылдыз)‎»‎ барагынан багытталды)
Үркөр.

Үркөр – Торпок топ жылдызындагы чачыранды жылдыз чогулмасы. Эң жалтырак жылдызы – Альциона. Жылдыздардын ичинен кыргыздарга эң белгилүүсү Үркөр болгон, ал боюнча жыл мезгилдерин аныкташкан: кышта Үркөр горизонтко жакындаса жаздын кире баштаганын белгилешкен, «Үркөр жерге түшпөй жер кызыбайт», «Үркөр ооп жаз келет» деп эсептешкен, жаз чыгаарда – «Үркөр жерге түштү», «Үркөр Кулжа айынын биринде кулпуга кирет да, теке айынын онунда чыгат» деп айтышкан. Чөп өсүмдүктөрдүн бул убакыта дүркүрөп өсүшүн да Үркөргө байланыштырышкан: «Үркөр чыкты – чөп үркөт». Жайдын орто ченинде Үркөр чыгыш тарапта болгондо – «Баш оонада (июлда) үркөр таң менен бирге чыгат», жайдын аягында – «Үркөр таң алдында чыкса шүүдүрүм түшүп, жер салкындайт», күзүндө – «Үркөр төбөгө келип калыптыр, түн кыйла узарат», кыштын орто ченинде кечкурун Үркөр дээрлик зенитте тарганда – «Үркөр төбөгө келиптир, кыш ортосу болду» деп аныкташкан.