Үрмарал аска бетиндеги сүрөттөр

Википедия дан

ҮРМАРАЛ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР – Талас Ала-Тоосунун тескейинде, Үрмарал суусунун жээгинде жайгашкан коло доорунан орто кылымга чейинки мезгилге таандык археологиялык эстелик. Таштардын жана аскалардын жылмакай беттерине эчкилер, жылкылар, төөлөр, атка чегилген арабалар, дөңгөлөктөр, камандар, куштар, бугулардын сүрөттөрү тартылган.

Алардын ичинен Каман-Суу коктусунда жайгашкан Жалтырак-Таш сүрөт тобу айырмаланып, анда скиф дооруна таандык илбирстер, желек, жаа аткычтар, оор куралданган жоокерлер жана фантастикалык жандыктардын (ажыдаар, ит-карышкыр сымал) сүрөттөрү тартылган. Үрмарал аска бетиндеги сүрөттөр тууралуу эң алгачкы кабарды 1953-жылы Бишкек шаарындагы №10 орто мектебинин окуучусу В. Полесский билдирген.

1956-жылы аймак таануучу мугалим В. М. Гапоненко, 1985–86-жылдары Кемеров университети менен Казак ИАнын Археологиялык институту биргелешип түзгөн экспедициясы тарабынан изилденген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]