Үччат тоосу

Википедия дан

Үччат тоосу - Борбордук Теңир-Тоодо, Сары-жаз, Үччат ж-а Кайыңды сууларынын аралыгында дого сымал 25 кмге созулуп жатат.

Туурасы 6–7 км. Орт. бийикт. 4200–4600 м, эң бийик жери 5042 м. Тоонун кыры дээрлик аска-зоокадан турат, мөңгүлүү; капталдары тик, терең капчыгайлуу. Девондун мрамор, карбон ж-а пермдин алевролит, сланец, кумдук, конгломерат, акиташ тектеринен түзүлгөн. Субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (3800 м бийиктикке чейин), бийик тоолуу суук чөл ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайкы жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2