Өзбектер
Өзбек (өзбектер, өзбөктөр) (өзбекче жекелик санда: Ўзбек, O’zbek; көптүк санда: Ўзбеклар, O’zbeklar) - түрк элдеринин бири (түрк тилдүү). Өзбекстандын негизги эли. Алтай тил үй-бүлөсүнүн түрк тилдер тобунун карлук бутагына кирген өзбек тилинде сүйлөшөт. Өзбектердин карлук, кыпчак, огуз диалектилеринен тышкары, көптөгөн өткөөл говорлору бар.
Өзбектер Караханийлер (10–13 кылымдар) доорунан Аксак Темирдин жана анын урпактарынын дооруна (14-кылымдын экинчи жарымы – 15-кыдымдын акыры) чейин өзүнчө эл катары калыптанып бүткөн. Алтын Ордонун түштүк-чыгыш тарабындагы көчмөн уруулар 15–16 кылымдарда Өзбек хандын ысмынан улам «өзбек» деген ат менен маалым болушкан. Шейбани хандын колун түзгөн көчмөн Аксак Темирдин урпактарынан бийликти тартып алган.
Өзбектер м-н кыргыздар экономикалык, саясий жана маданий жактан эзелтеден бери эле карым-катнашта болушкан. Кыргызстанда 999,300 ашуу өзбек жашайт, алар негизинен түштүк дубандарда турушат.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Маданияты | Адабияты • Музыкасы • Ашканасы • Архитектурасы • Ысымдары |
---|---|
Тили | Өзбек тили |
Диаспора | АКШ • Казакстан • Кыргызстан (Ош) • Кытай • Пакистан • Тажикстан • Түркмөнстан • Түркия • Ооганстан • Орусия (Санкт-Петербург) |
Дини | Ислам |